Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 16-отурумунун
2020-жылдын 28-декабры № 16/3
Кабылан – Көл айылдык кеңешинин 2021– жылга перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын регламентинин негизинде айылдык кенештин төрагасы Ш.Акаевдин 2021-жылга түзгөн перспективалык иш планын талкуулап
Кабылан – Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2021– жылга перспективалык иш планы кошумчаларды киргизүү менен бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин перспективалык иш планында көрсөтүлгөн иш-пландардын аткарылышына жетишүү кеңештин туруктуу комиссияларына, депутаттарына кеңештин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |
“БЕКИТЕМИН” Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы____________ Ш. Акаев “28” декабры 2021-жыл |
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2021-жылга перспективалык
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселе | Даярдоочу туруктуу комиссия | Өткөрүү мөөнөтү | Маалымат берүүчү |
I квартал | ||||
1 | Айыл ичин көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча калк ичинде түшүндурүү иштерин жүргүзүүдөгү айыл башчылардын аткарган иштери жөнүндө
| Социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы | I квартал
| Айыл башчылар Кадыркулов У. Темирмамт уулу А. |
2 | “Дени сак улут- дени сак өлкө” деген темада COVID-19 илдети боюнча акция өткөрүү анын жыйынтыгы жөнүндө | Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы | I квартал | ФАП башчысы А.Жолдошова |
3 | Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө. | Бюджет, салык жана финансы б-ча туруктуу комиссиясы. | I квартал | Жайыт комитетинин төрагасы С.Сактанов |
4 | Ар түрдүү маселелер
| |||
II Квартал | ||||
1 | Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык китепкананын элди тейлөөдөгү жүргүзгөн иштери жөнүндө | Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.
| II квартал | Айылдык китепкананын башчысы Г.Жусупова |
2 | Айыл ичиндеги, суу бойлорундагы ташталган таштандыларды тазалатуу иштерин жүргүзүү | Социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы
| II квартал | Айыл башчылар Кадыркулов У. Темирмамт уулу А. |
3 | “Үлгүлүү үй”, “Мыкты көчө” сынактарын уюштуруу | Социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы | II квартал | Атайын түзүлгөн комиссия |
4 | Калкты пенсия , пособия менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө | Бюджет, салык жана финансы б-ча туруктуу комиссиясы.
| II квартал | Почта бөлүмүнүн башчысы |
III Квартал | ||||
1 | Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн директорунун жана көркөм жетекчинин элдин маданиятын көтөрүүдө аткарган иштеринин отчету | Социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы. | III квартал | Эргешов С Айдарбек кызы А |
2 | Аксакалдар сотунун жүргүзгөн иштеринин абалы жөнундө | Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | III квартал | Аксакалдар сотунун төрагасы К.Абдымомунов |
3 | Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча участкалык инспектордун аткарган иштери жөнундө | Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| III квартал | Участкалык инспектор |
4 | Ар түрдүү маселелер
|
|
| |
IV Квартал | ||||
1 | Салык жыйымдарынын жыйналышы жана айыл өкмөткө кириш кылынган турдүү финансылык каражаттар жөнундө | Бюджет, салык жана финансы б-ча туруктуу комиссиясы.
| IV квартал | Салык боюнча башкы адис, ФЭБ башчысы
|
2 | Айыл өкмөт башчысынын жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчету
| Депутааттык комиссия
| IV квартал | Айыл өкмөт башчысы |
3 | Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайдын абалы жана Кабылан-Көл бала бакчасынын тамак ашынын сапатын кароо жөнүндө | Билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы. |
IV квартал | мектеп директорлору, бала бакча жетекчиси |
4 | “Айылдын ардактуу атуулу-2021” наамына талапкерлерди тандоо
| Депутаттык жана түзүлгөн комиссия | IV квартал | Атайын түзүлгөн комиссия |
5 | Зарылчылыкка жана түшкөн сунуштарга ылайык маселелерди кароо | Бардык туруктуу комиссиялар | өз учурунда |
|
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |