Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 16-отурумунун
2020-жылдын 28-декабры № 16/5
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизип кайра түзүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жана жобону бекитүү жөнүндөгү Кабылан-Көл айылдык кенешинин 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 36/1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 16-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө жобого ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча 7 адамдан турган комиссиянын курамы төмөндөгүдөй өзгөртүлүп түзүлсүн.(Тиркеме №1)
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алып иш жүргүзсүн, Ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизсин.
4. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |
Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2020- жылдын 28-декабрындагы кезексиз 16-отурмунун № 16/5 токтомунун №1 тиркемеси |
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы:
1. Ш. Акаев
2. К.Абжалиев
3. В. Кулчакова | Комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин төрагасы; (макулдашуу менен) -Комиссиянын төрагасынын орун басары, айыл өкмөттүн салык кызматкери; - Комиссиянын катчысы, айылдык кенештин депутаты; (макулдашуу менен) |
| МҮЧӨЛӨРҮ: |
4. Э. Абеков 5. У.Кадыркулов 6. Раимбеков А. 7. К.Абдымомунов | - Айылдык кенештин депутаты; (макулдашуу менен) – Айыл башчы ; - Күнгөй баштооч мектебинин директору; (макулдашуу менен) - Аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен) |
Төрага: | Ш.Акаев |