КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 17-отурумунун
2021-жылдын 15-марты № 17/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө
“ Жайыт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү арендалардын жана жайыт комитетинин пландары толук аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ижарага берилген жерлердин аренда акысы үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо С.Сактановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге жүктөлсүн жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |