Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чалма айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги отуз жетинчи сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси

2021-жылдын 4-марты № 37/1

Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүн социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчетун угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

 

2. Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго: -айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;

 

айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;

- жамааттык топтор, өз ара жардамдашуу топтору, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терең байланышта иш алып баруу;

- калкты таза суу. сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу:

- муниципалдык. социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу

- калктын аярлуу катмары аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардамдашуу маселелерин жөнгө салуу;

- ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтируу сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске салынсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Чалма айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Кадыркулов