Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чалма айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги отуз жетинчи сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси

2021-жылдын 4-марты № 37/2

Чалма айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин 2020-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө

Жергиликтуу өз алдынчы башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана 33-беренесинин 3-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин 2020-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Чалма айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чалма айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин 2020-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин берген маалыматы көнүлгө алынсын жана 2020-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү тарабынан мыйзам бузууларга жол берилбей киреше бөлүгү 11 817 900 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

 2. Чалма айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Козуевге;

 

- айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын:

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чалма айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Кадыркулов