Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чалма айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги отуз жетинчи сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси

2021-жылдын 4-марты № 37/3

Жайыт комитетинин 2020-жыл ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндө

Жайыт комитетинин төрагасы Жаанбев Улукбектин 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап, Чалма айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Жайыт комитетинин төрагасы Жаанбаев Улукбектин 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

 

2. Жайыт комитетинин төрагасы У.Жаанбаевге;

 

-Чалма айыл аймагындагы жайыттарды сарамжалдуу жана туура пайдаланууну камсыз кылсын;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин агрардык азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чалма айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Кадыркулов