Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги отуз жетинчи сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси
2021-жылдын 4-марты № 37/5
«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2021-жылдын 1-мартындагы чечимин бекитүү жѳнүндѳ
Өлкѳбүздүн экономикалык , интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттырууга салым кошкон жарандардын эмгегин баалоо жана алардын элдин жана мамлекеттин алдында коомдук –маданий, гуманитардык , кайрымдуулук жана башка иштердеги эмгектерин таануу максатында Чалма айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2021-жылдын 1-мартындагы №1 чечими бекитилсин.
2.«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2021-жылдын 1-мартындагы №1 чечимине ылайык , тѳмѳндѳгү жарандарга 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын жана «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» тѳш белгиси , ошондой эле Чалма айылдык кеңешинин ардак громатасы менен сыйланышсын.
1. Надырбаев Турдумамат Анашович
2. Боронбаев Асан Боронбаевич
3. Исакбаев Азамат Абдыкалыкович
3. Ардак наам ээлерине сыйлыктарды тапшыруу , Жобого ылайык, 2021-жылдын 21-мартында ѳтүүчү майрамдык салтанатка белгиленсин жана анын аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын тѳрагасы Балтабаев Жыргалга милдеттендирилсин.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Кадыркулов |