Загрузка документа…
Чалма айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (7 шайланган) жыйналышынын 2021-жылдын 19-майындагы № 1/4 токтомуна |
Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясынын (7 шайланган) жыйналышынын 2021-жылдын 19-майындагы № 1 протоколу |
ПРОТОКОЛУ
Токбай-Талаа айылы | № 1 | 19 май, 2021-жыл. |
Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясын (7-шайланган) жыйналышын Чалма айылдык кеңешинин аксакал депутаты А.Ормонова ачты жана алып барды.
Ормонова А; Урматтуу депутаттар жана уюштуруу сессиянынын катышуучулары !
Заседаниеге 21 депутат толугу менен катышып жатат , ошондой эле БШКнын жана райондон келген өкүлдөр катышып жатат.
Заседаниени ачууга кворум бар.Заседаниени ачуу боюнча кимде кандай сунуш бар?
- Ачылсын.
Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын ( 7-шайланган) заседаниесин ачууга добушка коем. Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин уюштуруу ( 7-шайланган) заседаниеси ачылсын деген депутаттар добуш берип коюнуздарды сурайым.
-Каршы-
-Калыс-
-Жок.
Анда депутаттардын Чалма айылдык Кенешинин биринчи уюшулуп жаткан сессиясынын жыйналышын ачык деп жарыялаймын (К.Р.Гимни ырдалат).
Ормонова А;Урматтуу депутаттар! Кун тартибинде Чалма айылдык кеңешинин бүгүнкү уюштуруу сессиясынын ( 7-шайланган) заседаниесинин кароосуна төмөндөгү маселелер сунуш кылынат.
Күн тартиби;
1. Чалма айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө ( Маалымат берүүчү Борбордук шайлоо комиссиясынын Кара-Кулжа районундагы өкүлү ).
2. Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.( Маалымат берүүчү А.Ормонова ).
А) Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1, № 2-протоколдорун бекитүү жөнүндө ( Маалымат берүүчү сессиясын алып баруучу).
Б) Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин төрагасы шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 3-протоколун бекитүү жөнүндө ( маалымат берүүчү сессиясын алып баруучу ).
3. Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө ( маалымат берүүчү депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин төрагасы ).
4. Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө ( Маалымат берүүчү депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Аттокурова).
5. Депутаттардын Чалма айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө ( Маалымат берүүчү Чалма айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Аттокурова ).
Урматтуу депутаттар! Бүгүнкү күн тартибиндеги маселелер боюнча кимде кандай алымча, кошумча бар.
- Жок.
- Анда кошумча алымча жок болсо депутаттардын добуш берүүсүн сураймын.
- Каршы,-Жок,
- Калыс, -Жок,
Күн тартибиндеги маселе бир добуштан бекитилди.
Урматтуу депутаттар! Эми заседаниенин иштөө тартибин бекитип алсак.
Иштөө регламенти төмөндөгүдөй тартипте жүрсө.
1. Биринчи маселе боюнча билдирүү берүүчүгө -5 минута;
2. Экинчи маселе боюнча маалымат берүүчүгө -15 минута;
3. Үчүнчү маселе боюнча билдируу берүүчүгө -10 минута:
4. Төртүнчү маселе боюнча маалымат берүүчүгө шайлоо өткөрүү боюнча -15 минута:
5. Бешинчи маселе боюнча маалымат берүүчүгө -10 минута;
Жарыш сөзгө чыгуучуларга 5 минута
Бардыгы болуп 2 сааттын тегерегинде сессиянын ишин аяктоо жагы сунуш кылынат. Урматтуу депутаттар! Күн тартибиндеги маселе боюнча кимде кандай алымча, кошумча сунуш бар.
- Жок.
- Анда ушул регламент бекитилсин деген депуаттардын добуш берүүсүн сурайым.
- Каршы-?, -Жок.
- Калыс-?, - Жок.
Сессиянын иштөө тартиби бир добуштан бекитилди.
А.Ормонова. Урматтуу депутаттар! Күн тартибиндеги маселеге өтсөк.Биринчи маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Кара-Кулжа аймактык өкүлүнө берсек, көңүлүңүздөрдү бурсаңыздар.( Маалыматы тиркелет).
Урматтуу депутаттар! Чалма айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө токтомду кабыл алсак. Анда добуш берүүңүздөрдү сурайым.
- Каршы?-Жок.
- Калыс? –Жок.
Анда токтом бир добуштан кабыл алынды.
Урматтуу депутаттар! Кийинки эң негиздүү маселе болгон Төраганы шайлоого өтсөк.Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынан келген өкүл, өткөрүүнүн тартибине жардамдашса, макулсуздарбы.
Эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы чыгып, токтом кабыл алынды.
Урматтуу депутаттар! Кийинки үчүнчү маселе боюнча Чалма айылдык Кеңешинин Төрагасынын орунбасарын шайлоого өтсөк ( Төрага өзү көрсөтөт же депутаттардын тобунан сунуш кылынат .Добуш берүү жолу менен шайланат).
Урматтуу депутаттар! Чалма айылдык кеңешинин Төрагасынын орунбасарылыгына № 5(беш) мандаттуу “ Буйга” аймагынан шайланган депутат Акаева Венера Тургунбековна сунуш кылуунуда , башка жокбу? Анда депутат Акаева Венера Тургунбековнанын талапкерлигин добушка коёмун.Добуш бериңиздер.
- Каршы-?, -Жок.
- Калыс-?, - Жок.
Урматтуу депутаттар! Добуш кабыл алынды.
Айылдык кеңештин Төрагасынын орунбасары болуп
Акаева Венера Тургунбековна шайланды.
Урматтуу депутаттар! Чалма айылдык кеңешинин депутаттарынын регламети боюнча уктуңуздар. Колуңуздарда токтомдун долбоору бар, алымча, кошумчаңыздарды эске алып добуш берүүңүздөрдү сурайм.
- Каршы-?, -Жок.
- Калыс-?, - Жок.
Депутаттардын регламенти бир добуштан бекитилди.
Урматтуу депутаттар! Төртүнчү маселе боюнча Чалма айылдык аймактык Кеңешинин депутаттарынын Регламентин бекитүү жөнүндө маалымат берүүчү депутаттардын Чалма айылдык аймактык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Аттокурованын маалыматына көнүл бурсак.
Регламент боюнча маалыматы угулат.
Урматтуу депутаттар! Чалма айылдык кеңешинин депутаттарынын регламети боюнча уктуңуздар. Колуңуздарда токтомдун долбоору бар, алымча, кошумчаңыздарды эске алып добуш берүүңүздөрдү сурайм.
- Каршы-?, -Жок.
- Калыс-?, - Жок.
Депутаттардын регламенти бир добуштан бекитилди.
Чалма айылдык кеңештин төрагасы: |
А.Кадыркулов |
Катчысы: | Ж.Аттокурова |