Редакцияот 19.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чалма айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 19-майы № 1/5

Чалма айылдык кеӊешинин Туруктуу комиссияларынын курамдары жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “ Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32-33-34-статьяларына ылайык жана “Жергиликтүү Кеӊештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинине ылайык Чалма айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чалма айылдык кеӊешинин төмөндөгүдөй аталыштардагы 4 туруктуу комиссия түзүлсүн.

 

1.1 -мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеӊештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, жаштардын иштери, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы.

 

1.2 -социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, муниципалдык менчик, маалымдуулук, инвистиция, социалдык-экономикалык жана болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы.

 

1.3 -курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясы.

 

1.4 -агрардык азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы.

 

2. Чалма айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын курамын уюштуруу жагы айылдык кеӊештин төрагасына жүктөлсүн.

 

Чалма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Кадыркулов