Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты № 136
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20, 68-беренелерине ылайык, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 25-февралындагы № 65-б буйругун жана жер участогун алмашууга Тентимишов Таалайбек Давлетбековичтин макулдугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагында № 329 контурунда жайгашкан, Тентимишов Таалайбек Давлетбековичтин менчигиндеги 17,0 га сугат айдоо аянтын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлеринен № 339 контурунда жайгашкан 17,0 га сугат айдоо аянтына алмаштыруу жөнүндө Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы:
- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан алмаштыруу келишимин түзсүн жана № 329 контурунда жайгашкан жердин ээсине Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунан № 339 контурунда жайгашкан баасы бирдей жер участогун берүү менен алмаштыруу келишиминин аткарылышын камсыз кылсын;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана алмаштыруу келишимин каттоону камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Тентимишов Таалайбек Давлетбековичтин ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн № 329 контурдагы жер участогун иштетүүгө сарптаган чыгымдарынын ордун толтуруу максатында, 2019-жылга бекитилген бюджеттин чегинде 34 500 (отуз төрт миӊ беш жүз) сом өлчөмүндөгү каражатты издеп тапсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |