Редакцияот 31.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Жекенди айылдык кеңешинин 2021-жылдын 31-майындагы № 4 токтомуна

 

 

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ

 

I БӨЛУК

 

Жалпы жоболор

 

1-Глава. Айылдык кеңеш

 

Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү оз алдынча жана жергиликтуу мамалекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык кенешинин иш-аракет тартибин аныктайт.

 

1.1. Айылдык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кенеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ошондой эле Регламентти жетекчиликке алат.

 

1.2. Айылдык кеңештин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, айылдык кенеши жергиликтүү өз алдынча башкарууунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

 

1.3. Айылдык кенеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт.Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.

 

1.4. Айылдык кенештин уюштуруучу-укуктук иштъъ формасынын негизи сессия болуп саналат.

 

2-Глава

 

Айылдык кеңештин компетенциясы

 

Айылдык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

 

- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

 

- жергиликтүү бюджет жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун журушу жөнүндө маалыматты угуу;

 

- аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;

 

- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизуу; ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;

 

- жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;

 

- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөнөтүнөн мурда токтотуу;

 

- депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен мэрге, райондук маанидеги шаардын жана поселканын башчысына же айыл өкмөттүн башчысына ишеним кърсътпъъ;

 

- жергиликтүү жааматтын уставын бекитүү;

 

- администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;

 

- төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кенештин Кыргы Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;

 

- жергиликтүү кенештин Регламентин кабыл алуу;

 

- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;

 

- Өкмөт аныктаган типтуу ченемдердин негизинде поселкалык башкаруунун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;

 

- муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу учун, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу учун тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;

 

- айылдык башчысын шайлоо;

 

- тиешелүү район учун мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу учун салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;

 

- кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды жайытттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;

 

- жергиликтүү жааматтын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мызамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

 

1.3 Айылдык кенеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.

 

1.4 Айылдык кенеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.

 

II БӨЛУК

 

3-Глава

Айылдык кеңештин төргасы жана төрагасынын орун басары

 

3.1 Айылдык кеңештин төргасы депуттардын арасынан жашыруун добуш беруу жолу менен айылдык кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык кеңештин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттар көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.

 

3.2. Айылдык кеңештин төрагасы: Кенеш сессиясын чакырат; Сессияга төрагалык кылат;

Айылдык кенештин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.

 

3.3 Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кенешинин депутаттары тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администациясынын башчысы (аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш беруу жолу менен айыл кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.

 

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди кърсъткън айылдык кенештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким шайлоого чейинки беш жумуш кунунон кечиктирбестен тийиштуу аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

 

1) айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер

 

- көрсөтүүбоюнча чечилет;

 

- талапкерлердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;

 

- автобиография;

 

- өздук баракча сүрөтү менен;

 

- соттолбогондугу тууралуу справка;

 

- нотариалдык жактан күбөлөндүргөн эмгек китепчеси;

 

- нотариалдык жактан күбөлөндүргөн жогорку билими тууралуу диплом;

 

- справка обьективка;

 

3.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кенештин депутаты, депутаттар укуктуу. Айылдык кеңештин депутаты, депутаттар айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна бир гана талапкерди көрсөтө алат.

 

3.4. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин аткарат.

 

3.5. Кенештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.

 

3.6. Кенештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.

 

4-бөлүк

Айылдык кеңештин катчысы

4.1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:

 

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт; айылдык кеңештин жооптуу катчысы келип түшүүчү кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;

 

Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиянын уюштуруу иштерин жүргүзөт;

 

Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;

 

Айылдык кеңештин сессия токтомдорун тариздейт жана кенештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;

 

Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.

 

5-Глава

 

Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

 

5.1. Айылдык кеңеште кеңешке киргизүүгө тийиштуу маселелерди алдын алуу, кароо жана даярдоо учун депутаттар санынан, ошондой эле, кенеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу учун, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзөт.

 

Айылдык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.

 

5.2. Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу учун убактылуу комиссияларды түзө алат.

 

Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердуулугу тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.

 

Ill БӨЛУК

 

Айылдык кеңештин ишинин жалпы тартиби

 

6-глава

 

Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби

6.1. Айылдык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.

 

Айылдык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.

 

Айылдык кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6.2. Айылдык кеңештин депутаттары кеңештин сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоо тийиш.

 

6.3. Айылдык кеңештин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.

 

6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш беруу менен кабыл алынат.

 

6.5. Айылдык кеңеши ар бир сессияда кун тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.

 

6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.

 

6.7. Айылдык кеңештин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүргүзөт.

 

Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколдо сессияна төрагалык кылуучунун колу коюлат.

 

6.8. Керек болгон учурларда Айылдык кеңешинин сессияларына каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.

 

7- Глава

 

Айылдык кеңештин токтом долбоорунун кароо тартиби

7.1. Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселелер каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.

 

7.2. Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:

 

Кабыл алынган чечимди аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;

 

Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштуу аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондй эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш;

 

Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.

 

7.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттарды санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 

7.4. Кенеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кенештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.

 

7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.

 

7.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.

 

7.7. Айылдык кеңештин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кенеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.

 

7.8. Айылдык кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштуу аймакта жайгашкан ишканала, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдетүү.

 

IV БӨЛУК

 

Айылдык кеңештин Регламенти

 

8-Глава

 

Айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби

8.1. Айылдык кеңештин иш Регламенттин, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгатжана кенештин сессиясына бекитүүгө киргизет.

 

8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кенештин төрагасынын орун басары жектекчиликке алат.

 

8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.

 

8.4. Регламент жана Регламентке ондоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттарды көпчүлүк саны кабыл алынат.

 

Эгерде сессияга 3 же андан ашык келбесе, алкаголдук ичимдиктерди ичип сессияга келсе, регламентти сактабаган депутаттарды, жаман сөздөрдү сүйлөсө ошондой эле сессияга депутатык мандаты жана депутаттык төш белгисин тагып келбесе чара колдонулат.

 

Ар бир депутат сессияга костьюм шым жана галстук менен келүүсү милдеттендирилет.