ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясынын заседаниеси
2021-жылдын 26-январы № 3
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылында жаңы курулган бала бакчага ат коюу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын жалпы элдик жыйынындагы элдин макулдугунун негизинде Шибээ айылдагы жаңы курулган бала бакчага Шибээ айылынын тургуну маркум Сулайманова Изаттин атын коюу максатында
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылындагы жаңы курулган бала бакчага ат коюу боюнча Шибээ айылынын тургуну Ташматов Карыбектин аялы маркум Сулайманова Изаттин атын ыйгаруу боюнча кайрылган кайрылуусу канаатандырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылындагы жаңы курулган бала бакчага Шибээ айылынын тургуну маркум Сулайманова Изаттин ысымы берилсин.
3. Шибээ бала бакчасынын айланасын тосуу жана видео көзөмөл орнотуп берүү жагы өзүнүн макулдугунун негизинде Ташматов Карыбекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Самиевге тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Д.Халилов. |