Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясынын заседаниеси
2021-жылдын 26-январы № 4
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын № 04-13/264 катын аткаруу жөнүндө
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 23.12.2020-жылдагы № 5 протоколундагы райондун аймагында каада-салттарды кармоо, тойлорду өткөрүү жана маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча чечимин аткаруу максатында
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл аймагында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 23.12.2020-жылдагы № 5 протоколундагы райондун аймагында каада-салттарды кармоо, тойлорду өткөрүү жана маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча чечими жетекчиликке алынсын.
2. Жекенди айылдык аймагына да маркумду акыркы сапарга узатууда ар бир айылда 5 (беш) союштан ашпасын.
3. Каралган маселе боюнча айыл башчылар менен биргеликте мечиттердин имамдары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Самиевге тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Д.Халилов. |