ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясынын заседаниеси
2021-жылдын 26-январы № 7
Жекенди айылдык аймагына караштуу Достук, Ак-Чөп жана Кум-Талаа жаңы конуштарына айыл статусун берүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Достук жаңы конушу, Жекенди айылындагы Ак-Чөп жаңы конушу, Шибээ айылындагы Кум-Талаа жаңы конуштарына айыл статусун берүү үчүн айыл тургундарынын кайрылууларын угуп жана талкуулап
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Достук жаңы конушу, Жекенди айылындагы Ак-Чөп жаңы конушу, Шибээ айылындагы Кум-Талаа жаңы конуштарына айыл статусун берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуулары канаатандырылсын
2. Айыл статусун алуу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүу болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы айыл өкмөт башчысы Ж.Колдошовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Самиевге тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Д.Халилов. |