ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын биринчи кезектеги сессиясы
2021-жылдын 12-июлу № 11
Ар түрдүү жугуштуу ооруулардын алдын алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүүдө, айыл аймагынын калкын медициналык жактан тейлөөдө айылдык оорууканалардын жана ФАП тардын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жекенди айылдык аймагында ар түрдүү жугуштуу ооруулардын алдын алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүүдө, айыл аймагынын калкын медициналык жактан тейлөөдө айылдык оорууканалардын жана ФАП тардын 6 ай ичинде аткарган иштери белгиленсин.
2. Жекенди айылдык аймагында ар түрдүү жугуштуу ооруулардын алдын алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча калктын калың катмарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айылдык оорууканалардын башчылары А.Самиевге, А.Азимбаевге жана ФАП тардын улуу медайымдары Ы.Осбаева, Б.Ысманова, Г.Асаевага милдеттендирилсин.
3. Чулук, Шибээ, Кара-Тейит айылдарындагы ФАП тын тийиштүү документтерин бүтүрүп, Чоң-Алай райондук А.Молдополотов атындагы ЖДПБ нын балансына өткөрүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нишанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис Ы.Матраимовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Ж.Султановага тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |