Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын биринчи кезектеги сессиясы

2021-жылдын 12-июлу № 13

Кыргыз Республикасынын Президентинин талаптарына ылайык айыл чарба кооперативтерин уюштуруу жана 2021-жылга жер маселелери жана жазгы талаа жумуштарын өткөрүү жана малдарды жазгы жана күзгү жайытка жайгаштыруу боюнча даярдыктар жөнүндө

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жекенди айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин талаптарына ылайык айыл чарба кооперативтерин уюштуруу жана 2021-жылга жер маселелери жана жазгы талаа жумуштарын өткөрүү жана малдарды жазгы жана күзгү жайытка жайгаштыруу боюнча даярдыктар боюнча аткарган иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.

 

2. Жекенди айылдык аймагында жаңы түзүлгөн үрөнчүлүк кооперативинин ишин жандандыруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис Ы.Матраимовго тапшырылсын.

 

3. Жазгы жайыттан элдин көчүп түшүү убактысы 30-сентябрь 2021-жылга белгиленсин жана аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана айыл башчылар М.Саитовго, М.Галовго, А.Жакыповго, С.Жаркынбаевге жана Н.Барамбековго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б. Эшовго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов