Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 12-августу № 4/1

Кара–Кулжа райондук прокуратурасынын16.07.2021-жылдагы № 11-1019-21 “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат оорундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышы боюнча сунушун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээленген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларциялоо жонундо” мыйзамынын 1-беренесине ылайык, ушул мыйзамдын колдонулушу саясий жана админстративдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлерине жайылтылышы жана айылдык кеңештин депутаттары саясый муниципалдык кызмат оорундарына кириши белгиленип, айылдык кенештин депутаты Рустамбеков Сайдалы 2021-жыл үчүн кирешелери жөнүндө декларациясын кечигип 22.04.2021-жылы тапшыргандыгы аныкталды. Айылдык кенештин депутаты ушул мыйзамдын 9-бер. 1-бөлүмүндө декларцияны белгиленген мөөнөттө бербегендиги жөнүндөгү райондук прокуратурасынын 16.07.2021-жылдагы № 11-1019-21 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунушун караган айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 02.08.2021-жылдагы № 2 протоколунун чечимин талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:-

 

1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээленген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларциялоо жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарын аткарууну айылдык кенештин депутаты Рустамбеков Сайдали Рустамбекович эске алсын.

2. Өзүнүн жана жакын туугандарына менчик укугунда таандык кыймылсыз мулк жонундө маалыматтарын декларцияда толук көрсөтүү айылдык кеңештин депутаттарына (декларантка) жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Бөрүбаев