КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 12-августу № 4/4
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 04.02.2021-жылдагы № 25 / 3 “Айыл өкмөтүндө мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берилишинин абалы жөнүндөгү” токтомунун аткарылышынын абалы жөнүндө
Айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 12.07.2021-жылдагы № 2 “Айылдык кеңешинин 04.02.2021-жылд № 25/3 токтомунун негизинде айыл өкмөтүндө мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берилишинин абалын карагандыгы жөнүндөгү” протоколунун чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айылынан көрүстөнгө жер аянты бөлүнүп айланасы зым тор менен тосулуп берилгендиктен, айылдык кеңешинин 17-август 2017- жылдагы № 3 / 4 токтому аткарууга алынбагандыгы жана жер аянтын бир категориядан башка категорияга (трансформациялоо) которуу боюнча тийиштуу документтери толук бүтпөгөндүгү эске алынсын.
2. Тынчтык (мурунку Парк-Мира) атындагы бактын түштүк- батыш тарабындагы 3.0 га көп жылдык бак, мамлекеттик фондусунун бак категориясында калтырылсын.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун “Мин-Өрук” жана “Кайып-Ата” урөөн чарбасынын жер аянттарынын ижара акысы 300 сомдон түзүлгөн келишимин, “Тынчтык” багынын жер аянттарынын ижара акысы 98 сомдон түзүлгөн келишимин, Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндөгү райондук аймактык оорукананын жанында жайгашкан, айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун 3.40 га жер аянтынын ижара акысынын өндүрүлүшүнүн квитанцияларын кароо жана Ш.Жээнбеков атындагы мектеби иштетип жаткан айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жер аянттары тактоо жана айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдары сатып алууларды толугу менен депутаттык комиссия кыдырып текшерип чыгуу боюнча төмөндөгүдөй депутаттык комиссиянын курамы бекитилсин:-
1. Аматов Медет:- Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
2. Камчыбеков Аскат:- Жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
3. Мойдун уулу Самат:- Жети мандаттуу Биймырза шайлоо округунун депутаты;
4. Аким уулу Асан:- Алты мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун депутаты;
5. Бекенов Таалай:- Алты мандаттуу Совет шайлоо округунун депутаты;
6. Н.Апалаев:- айыл өкмөтүнүн жер, турак жай коммуналдык маселе боюнча башкы адиси;
7. Шамшиева Кулпунай :- айыл өкмөтүнүн юристи;
4. Депутаттык комиссиянын курамы тарабынан түзүлгөн маалыматтарды туруктуу комиссиялардын отурумдарына каратуу, жыйынтыктарын сессияга сунуштоо жагы айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовго жана айыл өкмөтүнүн юристи К.Шамшиевага тапшырылсын.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |