Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 12-августу № 4/7

“Шадай” агын-суу пайдалануучулар бирикмеси тейлеген сугат жерге, агын суу пайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө

“Шадай” агын-суу пайдалануучулар бирикмесинин кеңешинин ассоциясынын 06.08.2021-жылдагы № 1 протоколунун чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

 

1. “Шадай” агын-суу пайдалануучулар бирикмесинин кеңешинин ассоциясынын 06 – август 2021-жылдагы № 1 протоколунун чечиминин негизинде, “Шадай” агын-суу пайдалануучулар ассоциясынын төрагасына Эгембердиев Мухаммед Мамиевич шайлангандыгы эске алынсын.

 

2. “Шадай” агын-суу пайдалануучулар бирикмеси тейлеген 1 (бир) сотых там арка жерге, агын суу пайдаланууга 10 (он) сомдон жана 1 (бир) сотых сугат үлүш жерге, агын суу пайдаланууга 8 (сегиз) сомдон тариф бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Бөрүбаев