Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 25-марты № 26/2
Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөгө Кыргыз Республикасынын эмгек синирген даарыгери (маркум) Асанов Калык Бакировичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык жана Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөнүн тургундарынын 15-февраль 2021-жылдагы № 1 “Кара-Кулжа айылында жайгашкан аты жок көчөгө Кыргыз Республикасынын эмгек синирген даарыгери (маркум) Асанов Калык Бакировичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечимин бекитип берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 12-март 2021-жылдагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөгө Кыргыз Республикасынын эмгек синирген даарыгери (маркум) Асанов Калык Бакировичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү жалпы көчө жааматынын жыйынынын 15.02.2021-жылдагы № 1 протоколдук чечими бекитилсин жана Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөгө (маркум) Асанов Калык Бакировичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кара-Кулжа айылындагы Асанов Калык Бакирович атындагы көчөгө көрнөктөрдү, турак үйлөрдүн катар санын илдирүү, түнкү жарыктандыруу иштерин аткаруу жана жолдун шарттарын жакшыртуу жагы уулу Асанов Тынчтыкбек Калыковичке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |