Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 25-марты № 26/4
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн эксковаторчусу Эгембердиев Рыскулдун арызын кароо жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн эксковаторчусу Эгембердиев Рыскулдун арызын караган айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 12-март 2021-жылдагы №1 протоколдук чечимин жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 12-март 2021-жылдагы № 94 сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн балансасындагы жараксыз абалдагы Самсунг “MX 132 W” маркасындагы эксковаторду сатууга уруксат берилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө көп жылдар үзүрлүү эксковаторчу болуп эмгектенген Эгембердиев Рыскул Мамиевичтин жараксыз абалдагы Самсунг “MX 132 W” маркасындагы эксковаторду түз сатып алуу жөнүндөгү арызы эске алынып, эксковаторчу Р.Эгембердиевге ыйгаруу менен сатуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Жараксыз абалдагы Самсунг “MX 132 W” маркасындагы эксковаторду көз карандысыз эксперт аркылуу баалатуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер турак жай муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Н.Апалаевге милдеттендирилсин.
4. Сатуудан түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин кирешесине кошумча булактары катары белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Шариповго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |