Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 25-марты № 26/6
1-Май айылында жайгашкан “Омад” дыйкан чарбасынын жетишпеген жер аянтын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын атынан 03-июль 2001-жылы кабыл алынган Кара-Кулжа райондук сотунун чечимин жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 18-март 2021-жылдагы № 83 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кыргыз Республикасынын атынан 03-июль 2001-жылы кабыл алынган Кара-Кулжа райондук сотунун чечими айыл өкмөтү тарабынан аткарууга алынсын.
2. 1-Май айылында жайгашкан “Омад” дыйкан чарбасынын жетишпеген 3.00 га сугат жана 6.00 га кайрак айдоо жерлерин, дыйкан чарбалардын, үлүшкө берилген тургундардын, муниципалдык менчиктеги жана мамлекеттик фондусунун жерлерин инвентаризациялоодо ашыкча чыккан жер аянттарынан бөлүп берүүнүн камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин катчысы Д.Кадыровго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |