Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/1
Кара-Кулжа айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 313-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосунун негизинде жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин ииттери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 26.01.2021-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара -Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин;-
1. Б.Жээнбеков- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиясынын төрагасы;
2. Н.Жоржоев- айылдык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары;
3. Шамшиева Кулпунай- айыл өкмөтүнүн юристи, комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:-
4. М.Шарипов- айылдык кеңешинин депутаты;
5. Байымбетов Тыныбек- айылдык кеңешинин депутаты;
6. Н.Апалаев:- айыл өкмөтүнүн жер турак жай комуналдык маселе, өзгөчө кырдалдар боюнча башкы адис;
7. Караев Бактыяр- “Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын директору;
8. Абдилкадыр уулу Биймырза - “Кара-Кулжа Таза Суу” Муниципалдык ишканасынын директору;
9. Жумабаев Айтмамат- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы;
10. А.Токтомушов- аксакалдар сотунун мүчөсү;
11. Сатылганов Бакай- милицияанын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү;
12. Алиев Эмил -1-Май айылынын айыл башчысы;
13. Аматбек уулу Сүймөнкул -айылдык кеңешинин депутаты киргизилсин.
2. Комиссиянын курамы Кара-Кулжа айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү Типтүү Жобону аткарууга алышсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |