Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/2
Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага беруу боюнча комиссиянын курамын бекитип беруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу” токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин ииттери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 26.01.2021-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара -Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгү комиссиянын курамы бекитилсин:-
1. Жаанбаев Тургунбай:- айылдык кеңешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жанажер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы.
2. А.Мойдунова:- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мучолору :
3. Б.Жээнбеков :- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
4. Н.Апалаев:- айыл өкмөтүнүн жер турак жай комуналдык маселе, өзгөчө кырдалдар боюнча башкы адис;
5. Н.Мамашов:- айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча адиси.
6. Шамшиева Кулпунай- айыл өкмөтүнүн юристи,
7. Т.Байымбетов:-:- алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун айылдык Кенешинин депутаты.
8. У.Байгожоев:-:- сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун айылдык Кенешинин депутаты
9. Аматбек уулу С :-:- жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун айылдык Кенешинин депутаты.
10 .А.Шананов - райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгынын адиси (макулдашуу менен).
11. С.Кудайбердиев -Биймырза айылынын айыл башчысы.
12 Алиев Эмил -1-Май айылынын айыл башчысы.
13. М.Өмүрзаков :-Сары-Камыш айылынын айыл башчысы.
II. Кара -Кулжа айыл окмотунун мамлекеттик фондусунун жерлеринин 1 га-чоп орунду жер 600 сом. 1 га кайрак айдоо жер 1200 сом, сугат айдоо жер 1 га - 3300 сом жана бак 1 га жер аянты I категория -3500 сом (сугат жер), II категория -2000 сом (кайрак айдоо жер), III категория -1100 сом (таштак жер) өлчөмүндө баштапкы баасы бекитилсин.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов. |