Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 48
Кыштут айылдык кеӊешинин 2020-жылдын 8-декабрындагы 6- чакырылышынын кезектеги 24- сессиясынын №1-токтомун жана 2020-жылдын 3-февралындагы VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын №5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыштут айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын Кыштут айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдикалил Жусубалиевдин баяндамасын угуп жана кеӊири талкуулап, которууга коюлган контурлардын жана жер аянттарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыштут айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыштут айылдык кеӊешинин 2020-жылдын 3-февралындагы VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын №5-токтому жана 2020-жылдын 8-декабрындагы 6- чакырылышынын кезектеги 24-сессиясынын №1-токтому жокко чыгарылсын.
2. Кыштут айыл өкмөтүнүн Сөгөт участкасынан №406-контурдан 37,2га жер аянты жайыт жер, №408-контурдан 22,9га жер аянты жайыт жер, №423-контурдан 36,15га жер аянты жайыт жер, №424-контурдан 14,0га жер аянты жайыт жер, №426-контурдан 3,70га жер аянты жайыт жер, №427-контурдан 19,25га жер аянты жайыт жер, №428-контурдан 0,5га жер аянты жайыт жер, №430-контурдан 1,0га жер аянты жайыт жер, №450-контурдан 2,75га жер аянты жайыт жер, №466-контурдан 13,34га жер аянты жайыт жер, №467/-контурдан 4,25га жер аянты жайыт жер, №467-контурдан 0,72га жер аянты башка жерлер (шагылдуу жерлер), №425-контурдан 3,44га жер аянты башка жерлер (шагылдуу жерлер), №432-контурдан 0,80га жер аянты башка жерлер (шагылдуу жерлер) жалпы 160га жер аянты анын ичинен 155,04га жайыт жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Сейитмуратов А. |