Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/4
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдагы калдык 3.830.000 (үч миллион сегиз жүз отуз мин) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 16- январь 2021-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдагы калдык 3.830.000 (үч миллион сегиз жүз отуз мин) сом акча каражаты 2021-жылга калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.
2. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдагы калдык 3.830.000 (үч миллион сегиз жүз отуз мин) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:-
- Биймырза айылынын "Сары-Таш" участкасынын жолуна шагыл токтурууго 2020-жылдын каарызына – 150,000 сом.
- Жаңыдан курулган имараттардын ПСДсын жасатууга ОсОО "АРХ ТБ" ишканасына каарыз үчүн 2020-жылга – 270,000 сом.
- 1-Май айылындагы "Жаштар өспүрүмдөр залынын" имаратынын терезелерин алмаштырууга – 80,000 сом
- Айыл аймагындагы орто мектептерге спорт товарларын алууга – 100.000 сом
- Айылдык кеңештин катчысына компютердик жабдыктарды сатып алууга – 100.000 сом
- Таш көмүр сатып алууга 2020-жыл учун каарызына – 50.000 сом
- Таза-Суу ишканасына субсидия (жаныдан курулган скважиналарга таза-суу топтоочу башня курууга) – 1,500,000 сом.
- Таза-Суу линиясын тартууга каралган каражаттын калдыгы 2020-жыл учун – 230,000 сом
- Сары-Камыш айылынын жайыт пайдалануусуна өтүүгө “Тар” дарыясына мал өтүүчү көпүрө курууга көмөк көрсөтүүгө – 50,000 сом
- Сары-Камыш айылына агын суу баруучу каналын “Бел” участкасынан тазалап жана латок курдурууга – 500,000 сом.
- Кара-Кулжа айылындагы А. Исманов кочосундо жайгашкан №29-Кесиптик лицейдин жанында курулган тигуучу цехтин жана жатакананын ПСДсын жасатууга 720.000 сом жана агын суу трубаларын орнотуп жолду ондоого 80.000 сом жалпысынан 800.000 сом.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |