Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/5
“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышын абалы жана 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 16-январь 2021-жылдагы № 1 “Кара-Кулжа Таза-суу” Муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. ”Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 4.772.997 (төрт миллион жети жүз жетимиш эки миң тогуз жүз токсон жети) сомго жана чыгашасы 4.791.515 (төрт миллион жети жүз токсон бир миң беш жүз он беш) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. “Кара-Кулжа Таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 8.631.861 (сегиз миллион алты жүз отуз бир миң сегиз жүз алтымыш бир) сомго жана чыгаша бөлүгү 8.631.861 (сегиз миллион алты жүз отуз бир миң сегиз жүз алтымыш бир) сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |