Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/6
“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышын абалы жана 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 16-январь 2021-жылдагы № 1 “Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. ”Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 4.086.386 (төрт миллион сексен алты мин үч жүз сексен алты) сомго жана чыгашасы 4.327.181 (төрт миллион үч жүз жыйрма жети миң бир жүз сексен бир) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. ”Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 6.200.000 (алты миллион эки жүз миң) сомго жана чыгаша бөлүгү 6.200.000 (алты миллион эки жүз миң) сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |