Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/7
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 16 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү главасынын №78 “Жергиликтүү кенештеринин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3,4-бөлүкчөлөрүнө жана №79 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3-бөлүкчөлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 16- январь 2021-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 36.532.100 (отуз алты миллион беш жүз отуз эки миң бир жүз) сомго жана чыгашасы 33.441.435 (отуз үч миллион төрт жүз кырк бир миң төрт жүз отуз беш) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов. |