Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/8
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл жыйынтыгы менен аткарылган иштеринин абалы жана 2021-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл жыйынтыгы менен аткарылган иштеринин абалы жана 2021-жылга түзүлгөн бюджети жөнүндөгү ЖПБ төрагасы А.К.Жумабаевдин маалыматын угуп, талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2020-жылдын жыйынтыгы менен аткарылган иштеринин абалы канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 750.000 сомго, чыгаша бөлүгү 750.000 сомго бекитилсин.
3. 2021-жылдын бюджетинде каралган жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 205.960 сомду Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жайыттарына кетүүчү жолдорду ондоо максатында толугу менен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) эсебине которулуп берилсин.
4. Жайыт пайдалануучулардан түшкөн акчаны өз убагында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) эсебине көтөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. 2021-жылдагы жайыт пайдалануучулар үчүн шарттуу баш малдын 1 башына 1-жылга 60 сом деп бекитилсин, башкача айтканда жайыт 8 айга пайдаланылгандыктан 1 айга 7 . 50 (жети сом элүү тыйын) сомго бекитилсин.
6. Токой чарбасынын жер пайдалануучуларга жайыт акы 4 (төрт) айына жайыт пайдалануучулардын эсебине төлөө жагы эскертилип, акысын алынсын.
7. Көк-Жар участкасына малдардын арасында жугуштуу оорулардан алдын алуу жана малдын санын тактоо максатында тосмо (пост) уюштурулсун.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов. |