Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/9
Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 16 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү главасынын №78 “Жергиликтүү кенештеринин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3,4-бөлүкчөлөрүнө жана №79 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3-бөлүкчөлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 16- январь 2021-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга карата киреше бөлүгү 41.125.100 (кырк бир миллион бир жүз жыйырма беш миң бир жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 41.125.100 (кырк бир миллион бир жүз жыйырма беш миң бир жүз) сомго бекитилсин (№1, №2 тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |