Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/12
Кара-Кулжа айылындагы “Сай” учаскасында жайгашкан асфальт заводдун батыш тарабындагы таштак-шагыл, айыл чарбасына жараксыз жер аянтын Улуттук улак оюндарын уюштурууга ижарага берүүгө сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Улуттук оюндарын өнүктүрүү максатында Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылындагы “Сай” учаскасында жайгашкан асфальт заводдун батыш тарабындагы таштак-шагыл, айыл чарбасына жараксыз 8.0 га жер аянтын Улуттук улак оюндарын уюштурууга ижарага берүү жагы Кара-Кулжа райондук токой чарбасына сунушталсын.
2. Кара-Кулжа райондук токой чарбасы менен ижара (аренда) келишимди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов. |