Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/13
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-2021-жылдарга грантка келген айыл чарба техникаларын иштетүү боюнча бюджетн бекитүү жана ижара өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-2021-жылдарга грантка келген айыл чарба техникаларын ижарага (арендага) иштетүү боюнча ЖПБ төрагасы А.К.Жумабаевдин маалыматын угуп, талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга айыл чарба техникаларын ижарага (арендага) иштетүү боюнча кирешеси 339.000 сом өлчөмүндө жана чыгашасы 240.394 сомго бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин грантка келген айыл чарба техникаларынын 2021-жылга карата 1 (бир) жылга комбайнга 300.000 сом, трактор шаймандары менен 150.000 сом жана самосвал атайын техникасы 120.000 сом ижара (аренда) өлчөмү бекитилсин.
2. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга айыл чарба техникаларын ижарага (арендага) иштетүү боюнча болжолдуу кирешеси 570.000 сомго жана чыгашасы 570.000 сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы ЖПБ төрагасы А.К.Жумабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов. |