Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/14
Б.Бегиев атындагы гимназиясы бар орто мектепке караштуу жер аянтына, заманбап спорт зал курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Биймырза айылындагы Б.Бегиев атындагы гимназиясы бар орто мектебинин эмгек жаматынын жана жалпы элдик жыйындын чечимдерин жана айыл өкмөтүнүн 15.12.2020-жыл № 308 өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Биймрза айылында жайгашкан Б.Бегиев атындагы гимназиясы бар орто мектепке караштуу жер аянтынын К.Момбеков атындагы көчөсү тарабынан, заманбап спорт зал курууга узуну 45.0 метр, туурасы 22.0 метр жалпысынан 990.0 м.кв. жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жаны спорт зал курулушунун АПУ сун жана курулуш долбоорунун сметасын (ПСД) даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн жер турак жай коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Н.Апалаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов. |