Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-февралы № 25/15
Кара-Кулжа айылында жайгашкан Асилбек Максутов, Опон Жороев көчөлөрүн жана Сары-Камыш айылындагы ички жолду асфальтоо жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 28-август 2020-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айылында жайгашкан Асилбек Максутов атындагы көчөсүнүн 800 метр чакырым аралыгын, Опон Жороев атындагы көчөсүнүн 200 метр чакырым аралыгын асфальтоо жана Сары-Камыш айылындагы ички жолунун 1000 метр чакырым аралыгын асфальтоо жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясына жана жогорку органдарга сунуш берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айылдарда ички жолдордун 1000 метр чакырым аралыгын асфальтоо жана райондун борборлорунда ички жолдордун 3000 метр чакырым аралыгын асфальтоо жөнүндөгү” долбооруна укуктук документтерин тариздеп, долбоордун сметасын (ПСД) даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жанажер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Тургунбайга жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов. |