Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 13
Токтогул шаарында 2022-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган
иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, 2022-жылдын 9 айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, токтомдор, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө шаардын мэри С.Т.Кылдановдун маалыматын, “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 9 (тогуз) айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча такталган план 51 228,4 миң сом болуп, аткарылганы 52 979,5 миң сомду түзгөндүгү, тактап айтканда жалпысынан 103,4% аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Транспорт каражаттарына салык чогултуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлсүн, ушул жылдын жыйынтыгы менен берилген планды аткаруу үчүн иш аракеттер көрүлсүн.
3. Жалпысынан Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун маалыматы эске алынсын.
4. Ушул сессиянын жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
- 2023-жылга карата пландалып жаткан курулуш иштерине ушул жылдын ноябрь, декабрь айлары аралыгында долбоордук-сметалык документтери даярдалып, бүткөрүлсүн;
- мамлекеттик сатып алууну жарыялоодон мурда, баардык курулуш, оңдоп түзөө иштерине байланышкан долбоорлордун эсептөөлөрү, эскизи тиешелүү кызматкерлер тарабынан тыкыр иликтенсин, кемчиликтерге жол берилбесин;
- курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу бүтүрүү үчүн техникалык көзөмөлдөөчүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча келишимдин шарттары кайрадан каралып, кийинки жылга толуктоолор киргизилсин;
- ар бир пландалган иштин аткарылышы көзөмөлгө алынсын;
- муниципалдык ишкана жетекчилеринин жана башка кызматкерлердин иш ордуларына кадрлар резервин түзүү боюнча иштер жүргүзүлсүн;
- токтомдор, протоколдук тапшырмалар аткарууга алынсын;
5. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, Н.Оркулова А.Джаныбаева) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Б.С.Белеков |