Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 14
Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы № 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, жана Бюджеттик Кодексине ылайык, 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө шаар мэри С.Т.Кылдановдун 20.10.2022-жылдагы сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы № 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.
2. 2022-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү ( пландан ашык түшкөн каражат, сатып алуудан үнөмдөлгөн, айрым пландалган иштерге каралган каражатты кыскартуудан алынган, аткарылбай калган иштердин эсебинен) ушул токтомдун тиркемесиндеги 1-таблицага ылайык, ал эми чыгаша бөлүгү 2-таблицага ылайык бекитилсин.
3. Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, А.Джаныбаева, Н.Оркулова) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Б.С.Белеков |
|
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 27.10.2022-жылдагы кезектеги VI сессиясынын № 14 токтомуна Тиркеме
|
2021-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн, пландан ашыкча түшкөн, айрым кыскартуулардан алынган акча каржаттарынын ачыктамасы
Таблица 1
№ | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
1 | 9 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн салык жыйымдардын эсебинен | 5885,1 |
2 | Мэриянын жана шаардык кенештин аппаратына каралган 15% үстөк акыдан 5 айга үнөмдөлгөн сумма | 196,2 |
3 | Бош турган жетектөөчү адистин (мал чарбачылыгы боюнча) айлык акысынан | 152,1 |
4 | Светофор орнотуудан | 27,5 |
5 | Күн Нуру б/бакчасынын от жагуучу мешин өзүнчө бөлмө куруп чыгаруудан | 99.2 |
6 | Т.Ормонбеков атындагы № 28 мектеп-лицейинин 2 класстык бөлмөсүнүн полун оңдоодон | 30,5 |
7 | Шаар аймагындагы 4 (төрт) жерге аялдама куруудан | 74,3 |
8 | “Күн Нуру” б/бакчасына 4 очко ажаткана куруудан | 43,8 |
9 | Бөкөнбаев көчОсүнө жөө адамдар басуучу жол (тротуар) куруудан | 149,7 |
10 | Тарыхий эстеликтерди оңдоодон | 9,5 |
11 | Оргтехникаларды сатып алуудан | 0,7 |
12 | Бирдиктүү терезе бөлмөсүн ондоп-түзөөдөн | 25,0 |
13 | Эс алуу багына скамейкаларды орнотуудан | 86,8 |
14 | Жүк ташуучу унаа сатуудан | 97,5 |
| Жалпы: | 6877,9 |
| Пайдаланылбай калган каражаттар |
|
1 | Дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашуучу долбоорго өздүк салым | 786,9 |
2 | Көчө жарыктандырууга жана мэриянын эл.энергия чыгымына каралган каражаттын эсебинен | 713,5 |
3 | Көчөлөрдүн аттары жазылган табличкаларды жасоо | 248,0 |
4 | Кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоо (кредитордук карыз) | 989,2 |
5 | Токтогул жазуунун алдыңкы бөлүгүн жакшыртуу | 61,6 |
6 | “Нур” мечитине кондиционер алуу | 200,0 |
7 | Шаардын 10 жылдыгын белгилөөгө каралган акча каражаты | 500,0 |
8 | Токтогул шаардык кеңеши - toktom.kg сайтына катталууга | 20,0 |
9 | Токтогул шаардык кеңеши - toktogul.kg сайтын оңдотууга | 10,0 |
10 | Достук б/бакчасынын эшик алдын брусчаткалоо/бетондоо/асфальттоо | 300,0 |
| Жалпы: | 3829,2 |
| Бардыгы: | 10707,1 |
2022-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен 10707,1 миң сом акча каражатын чыгымдоо багыттары
Таблица 2
№ | Мазмуну | статьясы | Бөлүнгөн сумма |
1 | “Арча Бешик” б/бакчасына кровать жана жаздык алууга | 3112 | 119,2 |
2 | “Достук” б/бакчасынын терезелерин алмаштырууга | 3111 | 300,0 |
3 | “Достук” б/бакчасына (кеңсе эмеректерин алууга) | 3112 | 64,0 |
4 | “Байчечекей” б/бакчасына эки кабат кровать алууга | 3112 | 420,0 |
5 | “Күн Нуру” балдар бакчасына (2 даана конфорка алуу жана орнотуу) | 3112 | 25,0 |
6 | Токтогул атындагы орто мектебинин сырткы ажатканасын оңдоп-түзөөгө | 2221 | 41,0 |
7 | “Ыңгайлуу шарт” МИ жалпы кызматкерлердин айлык акыларына кошумча төлөмгө (октябрь, ноябрь, декабрь айларына) | 2111 | 243,0 |
8 | “Ыңгайлуу шарт” МИ – айлык акыга кошумча төлөмдөн соц.фондго чегерүүгө | 2121 | 41,9 |
9 | “Ыңгайлуу шарт” МИ күйүүчү майга | 2215 | 245,0 |
10 | Токтогул шаардык мэриясына 2 даана компьютер алууга | 3112 | 110,0 |
11 | Токтогул шаардык мэриясына 3 даана принтер алууга | 3112 | 60,0 |
12 | Мэрдин кеңсесине стулдарды алууга | 3112 | 96,0 |
13 | Мэриянын кызматтык автоунаасына күйүүчү майга 28,0 миң сом, 22,0 миң сом запастык бөлүктөрүнө | 2214 | 50,0 |
14 | Токтогул шаарынын мэриясынын балансындагы социалдык обьекттерди камсыздандырууга | 2215 | 200,0 |
15 | Көрүстөн казуучуларга (инструмент алууга) | 3112 | 60,0 |
16 | Аксакалдар кеңешине | 2721 | 15,0 |
17 | Шаардык кеңешке жыл башында ноутбук үчүн бөлүгөн каражатка кошумчалап компьютер алууга | 3112 | 15,0 |
18 | Шаардык кеңешке 1 даана принтер алууга | 3112 | 20,0 |
19 | Шаардык кеңештин кызматтык автоунаасынын запастык бөлүктөрүнө | 2214 | 22,0 |
20 | 7-кичирайонунда Кайназарова көчөсүндөгү 10 квт жогорку чыңалуудагы электр мамыларын жылдыруу үчүн | 2215 | 350,0 |
21
| Токтогул шаарынын жаңы конуштарына жетпей калган электр мамыларын орнотуу, чубалгыларын туташтырууга - Ак-Жон көчөсүнө 7(жети), Топбаза кичирайонуна 4 (төрт), 7-кичирайонунун жаңы конушуна 2 (эки), жалпы 13 (он үч) электр мамысы, 1300 м электр чубалгысы, 12 даана кранштейн | 2215 | 310,0 |
22 | Токтогул шаарынын ар бир жеке турак жай, коммерциялык багыттагы жана башка мекемелердин чек араларын (муниципалдык менчикти инвентаризациялоо) дрон менен тактоо картасына | 2215 | 1500,0 |
23 | Бобкэт атайын техникасын алууга (лизинг аркылуу) | 3112 | 1000,0 |
24 | Бобкэт техникасын каттоодон өткөрүүгө (оформление) | 2215 | 100,0 |
25 | Катуу тиричилик таштанды ташуучу Хово (HOWO) техникасын алууга (20 тонна) | 3112 | 3700,0 |
26 | Грейдердин кызмат көрсөтүүсү жана анын тишин сатып алууга | 2215 | 100,0 |
27 | Атайын эсеп мамлекеттик ишканасынан алынуучу Хово (HOWO) техникасынын запастык бөлүктөрүнө | 2214 | 100,0 |
28 | Хово (HOWO) техникасын каттоодон өткөрүүгө (оформление) | 2215 | 50,0 |
29 | Бөкөнбаев мектебине караштуу фин тибиндеги имараттагы 3 класстык бөлмөнү оңдоого (ДМЧ, гендердик сезимталдык боюнча) | 3111 | 500,0 |
30 | Шакир көчөсү менен Суеркулов көчөсүнүн кесилишинен РЭСке чейинки аралыкты жашылдандыруу боюнча даярдык иштерине | 2215 | 300,0 |
31 | БЧУ имаратынын чатырын жабууга | 3111 | 500,0 |
32 | Токтогул шаарынын Чеңкил №24 үйүнүн тургуну Нуров Максатка - үйү өрттөнгөндүгүнө байланыштуу материалдык жардам | 2721 | 50,0 |
| Жалпы: |
| 10707,1 |
Төрага: | Б.С.Белеков |