Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 15
26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, шаардык кеңештин Регламентине ылайык, 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча жооптуу катчы С.К.Наралиеванын сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомдун 1 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилгендиги эске алынсын.
2. “Эл Үмүтү” фракциясынын депутаты Эгембердиев Эрлан Карыпбаевич “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
3. Тиешелүү туруктуу комиссиялардын иш пландарына ылайык иш жүргүзүү Эгембердиев Эрлан Карыпбаевичке милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Б.С.Белеков |