АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 3
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылына кичи футбол аянтчасын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн айылдык кеңешинин айыл чарба , агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы 2022-жылдын 16-февралында отурумунун № 3 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылындагы Ж.Момунов атындагы орто мектебинин жер аянтынан кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 0,12 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба , агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ибраим уулу Т. |