Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 161 токтомуна) |
Эсеп-фактураны тариздөөнүн жана колдонуунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө ыктыярдуу тартипте тариздөөнүн жана колдонуунун жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Убактылуу тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
"салык төлөөчү" - электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорго катышкан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жагдайлар болгон учурда салык төлөө жана эсеп-фактураларды тариздөө милдети жүктөлгөн субъект;
"эсеп-фактура" - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан таризделген салыктык документ;
"виртуалдык кампа" - товарларды жана электрондук документтерди эсепке алууга мүмкүндүк берген маалыматтык система;
"электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурлардын маалыматтык системасы" - ыйгарым укуктуу салык органынын салыктык башкаруу жана контролдоо маалыматтык системасынын модулу (мындан ары - ЭЭФ МС).
3. Ушул Убактылуу тартипте колдонулган терминдер жана аныктамалар ушул Убактылуу тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Убактылуу тартиптеги терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталган мааниде чечмеленет.
4. Эсеп-фактуралардын түрлөрү:
1) Электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактура (мындан ары - ЭЭФ);
2) Кагаз жүзүндөгү эсеп-фактура (мындан ары - кагаз жүзүндөгү ЭЭФ).
2-глава. Эсеп-фактураларды тариздөөгө карата жалпы талаптар
5. Эсеп-фактурада нарктык көрсөткүчтөр, анын ичинде товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн баалары, ошондой эле салыктардын суммалары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом жана тыйын менен көрсөтүлөт.
6. Товарды экспорттоодо (жеткирүүдө) эсеп-фактурада нарктык көрсөткүчтөр (баасы, наркы жана товардын жалпы наркы) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык бир эле учурда улуттук валютада жана чет өлкөлүк валютада көрсөтүлөт:
1) биринчи сапта - улуттук валютада көрсөтүлөт;
2) экинчи сапта - чет элдик валютада, ЭЭФ таризделген күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсун көрсөтүү менен.
7. Эсеп-фактура салык төлөөчү бекиткен эсепке алуу саясатына ылайык, топтолгон бир айлык эсепке алуу документтеринин негизинде айдын аягында бир жолу таризделет:
1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1-беренесинде каралган учурларда;
2) жарнамалык акциялардын жүрүшүндө товарларды, жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү калкка акысыз сатуу (жеткирүү) учурунда;
3) калкка банк аркылуу акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдө/же электрондук терминал жана банкоматтар аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө.
8. ЭЭФ ушул Убактылуу тартипте белгиленген милдеттүү реквизиттерден тышкары кошумча маалыматты камтышы мүмкүн.
9. ЕЭК чечими менен бекитилген Маркалануучу товарлардын жана/же ЕАЭБдин алкагында байкоо жүргүзүүгө тийиштүү товарларды жеткирүүдө салык төлөөчү өзүнчө эсеп-фактураны тариздеши мүмкүн.
ЭЭФ МСдагы ЭЭФ товарды импорттоочу тарабынан виртуалдуу кампада камтылган товарлар боюнча таризделет.
10. Эсеп-фактура кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөчү катары каттоону жокко чыгарууда салык салынуучу жеткирүүлөргө киргизилген товардык материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктарына таризделбейт.
3-глава. Товарлар боюнча электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасын толтуруунун тартиби
3.1-§. "Жеткирүүчүнүн жана сатып алуучунун реквизиттери" 1-бөлүмүн толтуруу
11. 102 жана 103-уячалар ЭЭФ МСнын автоматтык режиминде толтурулат.
12. 101 "Статус" уячасы ЭЭФ МСда автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардан бирин камтыйт: таризделди (ырасталды/ырасталган жок), жокко чыгарылды (чакыртылып алынды/четке кагылды), оңдоп-түзөтүлүүчү.
13. 201-уячада салык төлөөчүнүн - товар жеткирүүчүнүн, башкача айтканда уюмдун же жеке ишкердин (мындан ары - ЖИ) идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) көрсөтүлөт.
14. 202-уячада жеткирүүчүнүн төмөнкү реквизиттери көрсөтүлөт:
1) эгерде жеткирүүчү болуп уюм эсептелсе, келишимге (контрактка) ылайык уюмдун толук аталышы көрсөтүлөт;
2) эгерде жеткирүүчү болуп жеке ишкер эсептелсе, ЖИнин аты-жөнү көрсөтүлөт.
Эгерде сатуу (жеткирүү) жеткирүүчүнүн филиалы тарабынан ишке ашырылып жатса, бул уяча толтурулат.
15. Эгерде сатуу (жеткирүү) жеткирүүчүнүн филиалы тарабынан ишке ашырылып жатса, 203 жана 204-уячаларда жеткирүүчүнүн филиалынын аталышы жана ИСНи көрсөтүлөт.
Мында, башкы уюм ЭЭФти тариздөө үчүн филиалдын жетекчисине ыйгарым укуктун жүктөлгөндүгү тууралуу буйруктун көчүрмөсүн, ошондой эле мөөрүнүн жана филиалдын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу тараптардын кол тамгасынын үлгүлөрү бар маалымкатты катталган жери боюнча салык органына тапшыруусу керек.
Эгерде жеткирүүчү өзү товарды сатууну (жеткирүүнү) ишке ашырса, бул уячалар толтурулбайт.
16. 205-уячада товарды жеткирүүчүнүн юридикалык дареги же иш жүзүндөгү жашаган жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
17. 206-уячада товарды жеткирүүчүнүн салыктык каттоо жери боюнча салык органынын аталышы көрсөтүлөт.
18. 207-уячада жеткирүүчүнүн эсеби бар банктын аталышы, банктык идентификациялык код (мындан ары - БИК) көрсөтүлөт.
Эгерде жеткирүүчүнүн банкта эсеби болбосо, "жок" деп жазылат.
19. 208-уячада жеткирүүчүнүн банктагы эсебинин номери көрсөтүлөт. Эгерде 207-уячада "жок" деген жазуу көрсөтүлсө, бул уяча толтурулбайт.
20. 209-уячада товарды жеткирүүчүнүн КНС төлөөчү катары каттоосу күчүнө кирген күн көрсөтүлөт.
Эгерде товарды жеткирүүчү КНС төлөөчү катары катталбаса, анда бул уяча толтурулбайт.
21. 301-уячада товарды сатып алуучунун, башкача айтканда уюмдун, ЖИнин же жеке жактын ИСНи көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилерден турса, алгачкы 14 белги гана көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи 14 сандык белгиден ашпаган цифралык белгилерден турса, анда белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи жок болсо, анда "9" деген цифра он төрт жолу көрсөтүлөт.
22. 302-уячада сатып алуучунун төмөнкү реквизиттери көрсөтүлөт:
1) келишимге (контрактка) ылайык уюмдун толук аталышы, эгерде уюм сатып алуучу болуп эсептелсе;
2) ЖИнин же жеке жактын аты-жөнү, эгерде ЖИ же жеке жак сатып алуучу болуп эсептелсе.
Эгерде сатуу (жеткирүү) сатып алуучунун филиалынын дарегине ишке ашырылып жатса, бул уяча толтурулат.
23. Эгерде сатуу (жеткирүү) сатып алуучунун филиалынын дарегине ишке ашырылып жатса, 303 жана 304-уячада сатып алуучунун филиалынын ИСНи жана аталышы көрсөтүлөт.
Эгерде товарды сатуу (жеткирүү) сатып алуучунун өз дарегине ишке ашырылып жатса, бул уячалар толтурулбайт.
24. 305-уячада товар сатып алуучунун юридикалык дареги жана иш жүзүндөгү жашаган жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
Эгерде сатып алуучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо, анда өлкөнүн аталышы жана коду кошумча көрсөтүлөт.
25. 306-уячада товарды сатып алуучунун катталган жери боюнча салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
Сатып алуучу патенттин негизинде иш жүргүзгөн ЖИ болгон учурда ошол патентти берген салык органынын аталышы жана коду, ошондой эле патенттин номери жана сериясы көрсөтүлөт.
Сатып алуучунун - жеке жактын салыктык каттоосу болбогон учурда уячада "жок" деп жазылат.
ЭЭФ Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучуга таризделген учурда 306-уячада өлкөнүн аталышы жана коду көрсөтүлөт.
26. 307-уячада сатып алуучунун эсеби бар банктын аталышы, банктык идентификациялык код (мындан ары - БИК) көрсөтүлөт.
Эгерде ЭЭФ банкта эсеби жок сатып алуучуга таризделип жатса, "жок" деп жазылат.
27. 308-уячада банктагы эсептин номери көрсөтүлөт. Эгерде 307-уячада "жок" деп жазылса, бул уяча толтурулбайт.
28. 309-уячада товарды сатып алуучунун КНС төлөөчү катары каттоосу күчүнө кирген күн көрсөтүлөт.
Товарды сатып алуучу КНС төлөөчү катары катталбаган же Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон учурда, бул уяча толтурулбайт.
3.2-§. "Жүк жөнөтүүчүнүн жана жүк алуучунун реквизиттери" 2-бөлүмүн толтуруу
29. Жүк жөнөтүүчү башка уюм же ЖИ (мындан ары - жүк жөнөтүүчү) болгон учурда 250-252-уячалар келишимдин (контракттын) шарттарына ылайык толтурулат.
30. 250-уячада жүк жөнөтүүчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жүк жөнөтүүчүнүн ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилерден турса, алгачкы 14 белги гана көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жүк жөнөтүүчүнүн ИСНи 14 сандык белгиден ашпаган цифралык белгилерден турса, анда белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жүк жөнөтүүчүнүн ИСНи жок болсо, анда "9" деген цифра 14 жолу көрсөтүлөт.
31. 251-уячада жүк жөнөтүүчүнүн төмөнкү реквизиттери көрсөтүлөт:
1) келишимге (контрактка) ылайык уюмдун толук аталышы, эгерде уюм жүк жөнөтүүчү болуп эсептелсе;
2) ЖИнин аты-жөнү, эгерде жүк жөнөтүүчү ЖИ болуп эсептелсе.
32. 252-уячада жүк жөнөтүүчүнүн жайгашкан жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
Эгерде жүк жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо, анда өлкөнүн аталышы кошумча көрсөтүлөт.
33. 350-352-уячалар келишимге (контрактка) ылайык жүк жөнөтүүчү башка уюм же ЖИ (мындан ары - жүк жөнөтүүчү) болгон учурда толтурулат.
34. 350-уячада жүк алуучунун ИСНи көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жүк алуучунун ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилерден турса, алгачкы 14 белги гана көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жүк алуучунун ИСНи 14 сандык белгиден ашпаган цифралык белгилерден турса, анда белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жүк алуучунун ИСНи жок болсо, анда "9" деген цифра 14 жолу көрсөтүлөт.
35. 351-уячада жүк алуучунун төмөнкү реквизиттери көрсөтүлөт:
1) келишимге (контрактка) ылайык уюмдун толук аталышы, эгерде уюм жүк алуучу болуп эсептелсе;
2) ЖИнин же жеке жактын аты-жөнү, эгерде ЖИ же жеке жак жүк алуучу болуп эсептелсе.
36. 352-уячада жүк алуучунун юридикалык дареги жана иш жүзүндөгү жашаган жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
Эгерде жүк алуучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо, анда өлкөнүн аталышы кошумча көрсөтүлөт.
3.3-§. "Ишке ашыруу жөнүндө маалымат" 3-бөлүмүн толтуруу
37. 401-уячада келишимге (контрактка) ылайык товарды сатуу (жеткирүү) күнү көрсөтүлөт.
38. 402-уячада товарды сатуунун (жеткирүүнүн) түрү көрсөтүлөт:
1) экспорт;
2) ички.
39. 403-уячада төлөө формасы көрсөтүлөт:
а) накталай эмес: банктык төлөм, товар алмашуу;
б) накталай;
в) акысыз.
40. 404-уячада келишимдин (контракттын) күнү жана номери болсо көрсөтүлөт, анын негизинде ушул сатуу (жеткирүү) ишке ашырылат.
41. 405-уячада сатылуучу (жеткирилүүчү) товарды жөнөтүүнүн ыкмасы көрсөтүлөт:
1) темир жол транспорту;
2) автомобиль транспорту;
3) аба;
4) башка ыкма менен.
42. 406-уячада товарды жеткирүү пункту көрсөтүлөт: калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.
Товарды экспорттоодо товар жеткирилүүчү өлкөнүн аталышы жана коду кошумча көрсөтүлөт.
43. 407 жана 408-уячалар бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө жеткирүүнүн наркын оңдоо үчүн оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФти тариздөө учурунда толтурулат, башкача айтканда:
1) товарды толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүүдө, экспорттун бажы жол-жобосуна ылайык буга чейин ташылып кеткен товарды реимпорттун бажы жол-жобосуна ылайык ташып келүү учурунан тышкары;
2) баалар өзгөргөндө;
3) аткарылган жумуштардан жана/же көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартууда;
4) товар үчүн акыны кайтарып берүүдө.
44. ЭЭФти тариздөөдө, ушул Убактылуу тартиптин 43-пунктунда аталган учурда милдеттүү түрдө ЭЭФти тариздөөнүн номери жана күнү көрсөтүлөт, ага түзөтүлүүчү ЭЭФ жана түзөтүүнүн себептери таризделет.
3.4-§. "Товар жөнүндө маалымат" 4-бөлүмүн толтуруу
45. ЭЭФтин 4-бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) "№" графасында - саптын катар номери;
2) "Товардын коду (ТЭИ ТН)" графасында - ондон кем эмес сандагы белгилердин тобунун деңгээлинде Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына (мындан ары - ТЭИ ТН) ылайык товардык позициянын коду боштукчасыз көрсөтүлүшү керек. Эгерде ТЭИ ТН товардык позициясынын коду жок болсо, "0" деген цифра он жолу көрсөтүлөт;
3) "Товардын аталышы" графасында - жеткирилүүчү товарлардын аталышы;
4) "Өлчөө бирдиги" графасында - товарды өлчөө бирдиги. Өлчөө бирдиги ТЭИ ТН ылайык көрсөтүлөт. ТЭИ ТН бул көрсөткүч жок болгон учурда "0" деген цифра көрсөтүлөт;
5) "Бирдиктин наркы" графасында - товардын бир бирдигинин баасы;
6) "Саны (көлөмү)" графасында - товардын саны же көлөмү;
7) "Товардын сатуу салыгысыз жана КНСсиз наркы" графасында - сатуу салыгын жана КНСти эсепке албагандагы товардын наркы;
8) "КНС" графасынын "Ставка", "Сумма" графачасында - тийиштүү түрдө КНСтин ставкасы жана суммасынын өлчөмү. Эгерде товарга КНС салыгы салынууга тийиш болсо, "Сумма" графачасы боюнча жыйынды сумма толтурулат;
9) "Сатуу салыгы" графасынын "Ставка", "Сумма" графачасында - тийиштүү түрдө сатуу салыгынын ставкасы жана сатуу салыгынын суммасынын өлчөмү. Эгерде товарга сатуу салыгы салынууга тийиш болсо, "Сумма" графачасы боюнча жыйынды сумма толтурулат;
10) "Товардын жалпы наркы" графасында - товардын жалпы наркы.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине ылайык арзандатуу колдонулган учурда, арзандатуунун суммасы кемитүү белгиси менен жыйынды сумманы чыгарганга чейин өзүнчө сапта көрсөтүлөт.
46. КНС жана/же сатуу салыгынан бошотулган же салынбаган товарларды сатууну (жеткирүүнү) ишке ашырган учурда, "Ставка" графачасында "99" деген цифралар, ал эми "Сумма" графачасында, "КНС" жана "Сатуу салыгы" графаларында "0" деген цифра көрсөтүлөт.
47. "Бажы декларациясынын же товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын (FORM STI-136) же ЭЭФ реквизиттери" графасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) же бажы декларациясынын каттоо номери, ага ылайык ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден импорттолгон товарды эркин жүгүртүүгө чыгаруу ишке ашырылган;
2) же товар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолгон учурда, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын (FORM STI-136) салык органы тарабынан ыйгарылган каттоо номери;
3) же ЭЭФ номери, ага ылайык товар ЕАЭБдин алкагында байкоого алынууга тийиш болгон товарлардын тизмесине кирген товардын жүгүртүүсүн ишке ашырган салык төлөөчү тарабынан сатып алынган;
4) ташылып келинген товар көрсөтүлгөн бажы декларациясындагы же товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздагы саптын номери (FORM STI-136).
48. Салык мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарга ылайык ЭЭФке төмөнкүлөр тарабынан квалификациялуу электрондук кол тамга коюлушу керек:
1) уюмдун жетекчиси жана/же бухгалтери;
2) жеке ишкер же анын ыйгарым укуктуу адамы.
49. 450-уячада уюмдун жетекчисинин же жеке ишкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
50. 451-уячада уюмдун бухгалтеринин аты-жөнү көрсөтүлөт.
4-глава. Жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасын толтуруунун тартиби
4.1-§. "Берүүчүнүн жана сатып алуучунун реквизиттери" 1-бөлүмүн толтуруу
51. 102 жана 103-уячалар ЭЭФ МСнын автоматтык режиминде толтурулат.
52. "Статус" 101-уячасы ЭЭФ МС аркылуу автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтышы мүмкүн: таризделди (ырасталды), чакыртып алынды, четке кагылды, жокко чыгарылды, оңдоп-түзөтүлүүчү.
53. 201-уячада салык төлөөчүнүн - жумушту аткаруучунун жана/же кызмат көрсөтүүчүнүн, башкача айтканда уюмдун же жеке ишкердин (мындан ары - ЖИ) идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) көрсөтүлөт.
54. 202-уячада уюштуруу документтерине ылайык уюмдун толук аталышы же ЖИнин аты-жөнү көрсөтүлөт.
55. Эгерде сатуу (берүү) берүүчүнүн филиалы тарабынан ишке ашырылып жатса, 203 жана 204-уячаларда берүүчүнүн филиалынын аталышы жана ИСНи көрсөтүлөт.
Эгерде сатууну (берүүнү) жумуш аткаруучу жана/же кызмат көрсөтүүчү өзү ишке ашырган учурда бул уячалар толтурулбайт.
56. 205-уячада жумушту аткаруучунун жана/же кызмат көрсөтүүчүнүн юридикалык дареги же иш жүзүндөгү жашаган жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
57. 206-уячада жумушту аткаруучунун жана/же кызмат көрсөтүүчүнүн салыктык каттоо жери боюнча салык органынын аталышы көрсөтүлөт.
58. 207-уячада берүүчүнүн эсеби бар банктын аталышы, банктык идентификациялык код (мындан ары - БИК) көрсөтүлөт.
Эгерде берүүчүнүн банкта эсеби болбосо, "жок" деп жазылат.
59. 208-уячада берүүчүнүн банктагы эсебинин номери көрсөтүлөт. Эгерде 207-уячада "жок" деген жазуу көрсөтүлсө, бул уяча толтурулбайт.
60. 209-уячада жумушту аткаруучунун жана/же кызмат көрсөтүүчүнүн КНС төлөөчү катары каттоосу күчүнө кирген күн көрсөтүлөт.
Эгерде жумушту аткаруучу жана/же кызмат көрсөтүүчү КНС төлөөчү катары катталбаса, анда бул уяча толтурулбайт.
61. 301-уячада жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алуучунун, башкача айтканда уюмдун, ЖИнин же жеке жактын ИСНи көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилерден турса, алгачкы 14 белги гана көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи 14 сандык белгиден ашпаган цифралык белгилерден турса, анда белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи жок болсо, анда "9" деген цифра он төрт жолу көрсөтүлөт.
62. 302-уячада сатып алуучунун төмөнкү реквизиттери көрсөтүлөт:
1) келишимге (контрактка) ылайык уюмдун толук аталышы, эгерде уюм сатып алуучу болуп эсептелсе;
2) ЖИнин же жеке жактын аты-жөнү, эгерде ЖИ же жеке жак сатып алуучу болуп эсептелсе.
63. Эгерде сатуу (берүү) сатып алуучунун филиалынын дарегине ишке ашырылып жатса 303 жана 304-уячада сатып алуучунун филиалынын ИСНи жана аталышы көрсөтүлөт.
Эгерде жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуу (берүү) сатып алуучунун өз дарегине ишке ашырылып жатса, анда бул уячалар толтурулбайт.
64. 305-уячада жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алуучунун юридикалык дареги жана иш жүзүндөгү жашаган жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес сатып алуучу болсо, анда өлкөнүн аталышы кошумча көрсөтүлөт.
65. 306-уячада жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алуучунун катталган жери боюнча салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
Сатып алуучу патенттин негизинде иш жүргүзгөн ЖИ болгон учурда салык органынын аталышы жана коду, ошондой эле патенттин номери жана сериясы көрсөтүлөт.
Сатып алуучунун - жеке жактын салыктык каттоосу болбогон учурда уячада "жок" деп жазылат.
Эгерде ЭЭФ Кыргызстандын резиденти эмес - сатып алуучуга таризделип жатса, 306-уячада өлкөнүн аталышы жана коду көрсөтүлөт.
66. 307-уячада сатып алуучунун эсеби бар банктын аталышы, банктык идентификациялык код (мындан ары - БИК) көрсөтүлөт.
Эгерде ЭЭФ банкта эсеби жок сатып алуучуга таризделип жатса "жок" деп жазылат.
67. 308-уячада банктагы эсептин номери көрсөтүлөт. Эгерде 307-уячада "жок" деп жазылса, бул уяча толтурулбайт.
68. 309-уячада жумушту/кызмат көрсөтүүнү сатып алуучунун КНС төлөөчү катары каттоосу күчүнө кирген күн көрсөтүлөт.
Жумушту/кызмат көрсөтүүнү сатып алуучу КНС төлөөчү катары катталбаган же Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон учурда бул уяча толтурулбайт.
4.2-§. "Ишке ашыруу жөнүндө маалымат" 2-бөлүмүн толтуруу
69. 401-уячада келишимге (контрактка) ылайык жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуу (берүү) күнү көрсөтүлөт.
70. 402-уячада жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуунун (берүүнүн) түрү көрсөтүлөт:
1) экспорт;
2) ички.
71. 403-уячада төлөөнүн формасы көрсөтүлөт:
а) накталай эмес: банктык төлөм, товар алмашуу;
б) накталай;
в) акысыз.
72. 404-уячада келишимдин (контракттын) күнү жана номери болсо көрсөтүлөт, анын негизинде бул жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуу (берүү) ишке ашырылат.
73. 407 жана 408-уячалар бүтүмдүн шарттары, башкача айтканда жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн баасы өзгөргөндө берүүнүн наркын оңдоо үчүн оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФти тариздөө учурунда толтурулат.
74. ЭЭФти тариздөөдө, ушул Убактылуу тартиптин 71-пунктунда аталган учурда милдеттүү түрдө ЭЭФти тариздөөнүн номери жана күнү көрсөтүлөт, ага түзөтүлүүчү ЭЭФ жана түзөтүү себептери таризделет.
4.3-§. "Жумуш жана/же кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат" 3-бөлүмүн толтуруу
75. ЭЭФтин 3-бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) "Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн коду" графасында - жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн коду төрт белгинин деңгээлинде көрсөтүлөт. Эгерде код жок болсо, төрт жолу "0" деген цифра көрсөтүлөт;
2) "Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн аталышы" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн аталышы;
3) "Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн сатуу салыгысыз жана КНСсиз наркы" графасында - сатуу салыгын жана КНСти эсепке алуусуз жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн наркы;
4) "КНС" графасынын "Ставка", "Сумма" графачасында - тийиштүү түрдө КНСтин ставкасы жана суммасынын өлчөмү. Эгерде жумушка жана/же кызмат көрсөтүүгө КНС салыгы салынса, "Сумма" графачасы боюнча жыйынды сумма толтурулат;
5) "Сатуу салыгы" графасынын "Ставка", "Сумма" графачасында - тийиштүү түрдө сатуу салыгынын ставкасы жана суммасынын өлчөмү. Эгерде жумушка жана/же кызмат көрсөтүүгө сатуу салыгы салынса, "Сумма" графачасы боюнча жыйынды сумма толтурулат;
6) "Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн жалпы наркы" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн жалпы наркы.
76. КНС жана/же сатуу салыгынан бошотулган же салынбаган жумуш жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуу (берүү) ишке ашырылган учурда, "Ставка" графачасында "99" деген цифралар, ал эми "КНС" жана "Сатуу салыгы" графаларынын "Сумма" графачасында "0" деген цифра көрсөтүлөт.
77. Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коду ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
78. Салык мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарга ылайык ЭЭФке төмөнкүлөр тарабынан квалификациялуу электрондук кол тамга коюлушу керек:
1) уюмдун жетекчиси жана/же бухгалтери;
2) жеке ишкер же анын ыйгарым укуктуу адамы.
79. 450-уячада уюмдун жетекчисинин же жеке ишкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
80. 451-уячада уюмдун бухгалтеринин аты-жөнү көрсөтүлөт.
5-глава. Товарлар, ошондой эле жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасын толтуруунун тартиби
81. 101-уячада белгиленген тартипте салык органы тарабынан берилген кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын (мындан ары - кагаз түрүндөгү ЭЭФ) номери көрсөтүлөт.
82. 102-уячада кагаз түрүндөгү ЭЭФти тариздөө күнү көрсөтүлөт.
83. Кагаз түрүндөгү ЭЭФтин калган бөлүмдөрү ушул Убактылуу тартиптин 3 жана 4-главаларына ылайык толтурулат.
84. Кагаз түрүндөгү ЭЭФке төмөнкүлөр тарабынан милдеттүү түрдө кол коюлушу керек:
1) уюмдун жетекчиси жана/же бухгалтери;
2) жеке ишкер же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан.
85. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФ милдеттүү түрдө уюмдун, бар болгон учурда жеке ишкердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.