Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясы
2022-жылдын 26-апрели № 02
Токтогул шаардык кеңешинин
төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин I уюштуруу сессиясында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрайымы Д.Т.Бакиеванын Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматын угуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бекитилген протоколдун негизинде Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына Белеков Барман Самидинович шайлангандыгы белгиленсин.
3. Төраганын орун басарлыгына төмөндөгүлөр шайлансын:
1) “Бирге-Вместе” фракциясынан Курбанов Мухиддин Кабылахунович;
2) “Мекен Ынтымагы” фракциясынан Тулекеева Асылбү Таштемировна;
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага: | Б.С.Белеков |
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” 20.10.2021-жылдагы № 123 мыйзамынын 40-беренесине жана Токтогул шаардык кеңешини Регламенттин II бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоодо жабык добуш берүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ
Токтогул шаары | 26.04.2022-жыл |
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: | Бакиева Дамира |
Катчысы: | Осмонкулова Гулзада |
Мүчөлөрү: | Өмүржан уулу Мирбек |
| Калмурзаев Нурсултан |
| Кылданов Максат |
| Раханова Лариса |
| Сарпашов Манас |
Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү " 20.10.2021-жылдагы № 123 мыйзамынын 40-беренесине жана Токтогул шаардык кеңешини Регламентинин II бөлугүнүн 3-пунктуна ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлооүчүн фракциялардын "Ынтымак" (фракциясы) тарабынан Барманов Белек Самудинович сунуш кылынган "Тынчтык" фракциясынан Доолотбеков Максатбек Кошукеевич талапкерлиги жашыруун добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине киргизилди.
Шайлоо өткөрүлүп, урнаны ачканда төмөндөгүдөй жыйынтыктар аныкталды.
Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич 15 "макул", "каршы" жок
Барманов Белек Самудинович 16 "макул", "каршы" жок
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясы токтом кылат:
1. Көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон "Ынтымак" фракциясынын депутаты Белеков Барман Самудинович Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлансын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын I уюштуруу сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: | Бакиева Дамира
|
Эсептөө комиссиясынын катчысы: | Осмонкулова Гулзада |
Мүчөсү: | Өмүржан уулу Мирбек |
| Калмурзаев Нурсултан |
| Кылданов Максат |
| Раханова Лариса |
| Сарпашов Манас |
: