Редакцияот 01.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы

2021-жылдын 1-майы № 31/1

Өзгөн шаарында Бүткүл Дүйнөлүк Банкы тарабынан долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги отурумунун №5 протоколунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бүткүл Дүйнөлүк Банкы тарабынан каржыланып жаткан “Ош облусун жана Ош шаарын аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында курулуш, реконструкция иштери жүрүүчү Өзгөн шаарындагы инфраструктуралык обөекттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясына милдетттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Джалилов

 

“БЕКИТИЛДИ” Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 1-майындагы № 31/1 токтому менен

 

Бүткүл Дүйнөлүк Банкы тарабынан каржыланып жаткан “Ош облусун жана Ош шаарын аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында курулуш, реконструкция иштери жүрүүчү Өзгөн шаарындагы инфраструктуралык обөекттердин тизмеси

 

№

п/п

Аталыштары

МЕнчиктин ТҮРҮ

ГРАФИК

(БҮТКӨРҮЛӨТ)

1

АРХЕОЛОГИЯЛЫК-АРХИТЕКТУРАЛЫК МУЗЕЙ КОМПЛЕКСИ

Муниципалдык-республикалык

Жыл – 2-3

2

«ДОСТУК» ПАРКЫН КЕҢЕЙТҮҮ

Муниципалдык

Жыл - 3

3

«ТЫНЧТЫК» ПАРКЫ

Муниципалдык

Жыл – 1 (2)

4

СТАДИОНДУН ЖАНЫНА ПАРК

Муниципалдык

Жыл – 1 (2)

5

СТАДИОН

Муниципалдык

Жыл - 2

6

ПАРК АСМА КӨПҮРӨ

Муниципалдык

Жыл – 1 (2 жыл )

7

МАНАС КӨЧӨСҮ

Муниципалдык

Жыл – 2

8

ЛЕНИН КӨЧӨСҮ

Муниципалдык

Жыл - 3

9

ГАГАРИН 1 КӨЧӨСҮ

Муниципалдык

Жыл - 2

10

ГАГАРИН 2 КӨЧӨСҮ

Муниципалдык

Жыл – 2

11

ГАГАРИН 3 КӨЧӨСҮ

Муниципалдык

Жыл - 3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Джалилов