Редакцияот 01.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы

2021-жылдын 1-майы № 31/3

Өзгөн шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 29-апрелиндеги отурумунун № 6 протоколунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарындагы “Жаңы-Хаят” кварталындагы 9 га жер тилкесинин ичиндеги 1,08 га мектеп курууга каралган жер тилкесине 600 орундуу мектеп куруу максатында кошумча 1,92 га жалпысынан 3,0 га жер тилкесин ажыратып берүү максатында Өзгөн шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.

 

2. Өзгөн шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүү боюнча иш алып баруу Өзгөн шаардык мэриясына жана Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Джалилов