Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы
2021-жылдын 1-майы № 31/4
Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесинин жана Өзгөн шаар мэриясынын 2021-жылдын 29-апрелиндеги №457 сунуш катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна Дуйшеев Азамат Раимжановичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |