Редакцияот 27.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз II сессиясы

2021-жылдын 27-майы № 2-1

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылга иш-планы жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз II сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылга иш-планы жөнүндөгү маселени карап, талкуулап токтом кылат:

 

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Д.Номановго тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 Д.Т.Махмудов

 

«Бекитемин»

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 ______ Д.Махмудов

27. 05. 2021-жыл

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылга иш-планы

№

Иш-пландар

Мөө-нөтү

Жооптуулар

1

Айылдык кеңештин регламентин, 2021-жылга иш-планын жана туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

II

квар-тал

Айылдык кеңештин төрагасы, орун басары жана депутаттары

2

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жыл-дыгында аткарган иштери жөнүндө отчету.

III квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы

3

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык стратегиялык жана инвестициялык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө.

III квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы

4

Айыл аймагынын 2021-2022-жыл-дарга күз-кыш мезгилине карата экономикалык тармактардын жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө.

IV

квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы

5

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө.

IV

квар-тал

 

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы

Уюштуруу практикалык иш-чаралар

1

Айылдык кеңештин депутаттары-нын, туруктуу комиссияларынын окуусун уюштуруу

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин төрагасы, орун басары

2

Айылдык кеңештин сессияларын-да берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттору

Ар дайым

Айылдык кеңештин орун басары

3

Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусу

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин депутаттары

4

Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү

Ай сайын

Айылдык кеңештин туруктуу комиссялар

5

Айыл аймагынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган арыз даттанууларынын аткарылышын көзөмөлдөө

Ар дайым

Айылдык кеңештин төрагасы, орун басары жана жооптуу катчысы

7

КРнын Президентинин, ЖКнын жана Өкмөтүнүн Мыйзамдарынын турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү

Ар дайым

Айылдык кеңештин депутаттары

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасынын

орун басары:

 

 

Д.Номанов