Редакцияот 18.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз IV сессиясы

2021-жылдын 18-июну № 4-1

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз IV сессиясы: “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы № 363 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагы протоколдорун бекитүү жөнүндө токтом кылат:

 

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагы протоколдору бекитилсин.

 

Кызыл-Кыштак

айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

 

Д.Номанов