КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 3-июлу № 5-2
Сүрөттүү-Таш участкасына, Кореялык эл аралык кызматташтык уюму “KOICA” тарабынан каржылануучу тигүү цехинин курулушуна жер тилкесин ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) V сессиясы күн тартибиндеги: “Сүрөттүү-Таш участкасына, Кореялык эл аралык кызматташтык уюму “KOICA” тарабынан каржылануучу тигүү цехинин курулушуна жер тилкесин ажыратуу жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер” боюнча туруктуу комиссиянын 01.07. 2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде токтом кылат:
1. Сүрөттүү-Таш участкасындагы спорт аянтчасынан ажырытылгын 1,50 га жер аянтынан тигүү цехинин курулушуна 0,6 га жер тилкеси ажыратылсын.
2. Тигүү цехинин курулушуна ажырытылган 0,06 га жер тилкесине тийиштүү иш кагаздарын даярдап мамлекеттик катоодон өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Т.Махмудов |