КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 10-июлу № 6-3
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 06.04.2021-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын № 24 – 1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз VI сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 06.04.2021-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын № 24-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндүгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 06.04.2021-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын: Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү № 24 – 2 токтомунун 2-пункутундагы:
- “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдан калдык болуп калган 11 309,0 миң сом акча каражаты 2021-жылдын бюджетине киреше болуп киритилип, 11 309,0 миң сом чыгаша болуп бекитилсин” деген абзацына 81,0 миң сом кошулуп,
- “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдан калдык болуп калган 11 390,0 миң сом акча каражаты 2021-жылдын бюджетине киреше болуп киритилип, 11 390,0 миң сом чыгаша болуп бекитилсин” деп окулсун жана электр энергиясына төлөө үчүн чыгаша болуп бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Т.Махмудов |