Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 6-апрели № 24-2
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү“ маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга карата киреше бөлүгү 50 413,4 миң сомдү, аткарылышы 47 869,2 миң сомго же 94,6 пайызга, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 50 413,4 миң сомго, же 72,0 пайызга аткарылганы белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдан калдык болуп калган 11 309,0 миң сом акча каражаты 2021-жылдын бюджетине киреше болуп киритилип 11 309,0 миң сом чыгаша болуп бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө айылдык кеңештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясыны чечимдеринин негизинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
4. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Сатвалдиев |