КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 6-апрели № 24-5
Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.01.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.01.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Ишкаван айылындагы бош жаткан 200,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.01.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылынын Достук участкасындагы Ош-Андижан жолунун күн батыш тарабындагы автоунаалар токтоочу бош жаткан 375,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3.Мунципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү, жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Сатвалдиев |